21.11.24
Казакстандын Айыл чарба министрлиги, “Kazakh Invest” жана Венгриянын “UBM Group” компаниясы, Казакстанда аралаш тоют жана премикс өндүрүшү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үч тараптуу алкактык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу “Ак Ордо” маалымат кызматы билдирди.
“UBM Group” компаниясы, Венгриядагы аралаш тоют өндүрүү рыногунда лидер болуп эсептелет. Компаниянын жылдык кирешеси 350 миллион евродон ашат. Венгрияда, Румынияда жана Словакияда жайгашкан тоют заводдорунда жылына 600 миң тоннадан ашык аралаш тоют жана 12 миң тонна премикс өндүрөт. Ошондой эле, “UBM Group” көп жылдан бери Венгриядагы соя шротунун алдыңкы импортеру болуп саналат.
“Kazakh Invest” маалымат кызматынын билдиришинче, компания Казакстанда 4 аралаш тоют заводу, премикс өндүрүүчү бир завод, бир катар лабораториялар жана окуу борборун түзүүгө инвестиция салууну пландаштырууда.
Казакстан жана Венгриянын расмий делегация мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, бир катар башка документтерге да кол коюлду. Айрыкча, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүктүгүн бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон ниетин чагылдырган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.