21.11.24
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапарынын алкагында, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өлкө лидеринин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди көрсөттү.
Сүйлөшүүлөрдө энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба, мунай-газ жана атом өнөр жайы, ошондой эле каржы чөйрөсү сыяктуу кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Айрыкча биргелешкен долбоорлорго жана аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Касым-Жомарт Токаев: “Менин сапарымдын негизги максаты, эки тараптуу көп пландуу кызматташтыкка жаңы дем берүү”, – деп баса белгилеп өттү. Венгрия Казакстандын Европа Биримдигиндеги ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана достук мамиледеги мамлекет катары бааланды. Эки өлкө ортосундагы мамилелерди жана эл аралык уюмдардын алкагында, кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди. Казакстандын президенти Виктор Орбандын “Түрк мамлекеттер уюмун” (ТМУ) өнүктүрүүдөгү салымын да белгилеп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү ниетин камтыган биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ошондой эле консулдук, инвестициялык жана банк иштери боюнча кызматташтыкты, айыл чарба жана логистика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду жөнгө салган бир нече документтерге кол коюлду.