03.12.24

2024-жылдын 1-3-декабрь күндөрү, Бишкекте Казакстандын Экспортчуларынын соода-экономикалык көрүшмөсү болуп өттү. Бул иш-чара, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги, “QazTrade” жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен уюштурулганын “Primeminister.kz” маалымат кызматы кабарлады.

Миссиянын алкагында, ар түрдүү тармактардын турган казакстандык компаниянын өкүлдөрү кыргызстандык өнөктөштөрү менен “В2В” форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мындан тышкары, 2-декабрь күнү Бишкекте Казакстан менен Кыргызстандын Өкмөттөр аралык кеңешинин алдында эки өлкөнүн бизнес-форуму болуп өттү. Бул форум эки тараптуу кызматташтык келечегин талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду. Анын ишине, Казакстан менен Кыргызстандын 80 компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун программасы “B2B” жолугушууларын жана келишимдерге кол коюу аземин камтыды. Соода-экономикалык көрүшмө жана форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 8,2 миллион доллардан ашкан 7 коммерциялык келишимге кол коюлду. Бул эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоонун маанилүү кадамы болуп калды.

Казакстан делегациясын  Соода жана интеграция боюнча вице-министри Кайрат Торебаев жетектеп келген. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да катышты.

https://kapital.kz/economic/132204/kazakhstanskiye-kompanii-zaklyuchili-v-kyrgyzstane-soglasheniya-na-8-2-mln.html