04.12.24

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү тогуз айдын ичинде 1,2 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.

Министрдин айтымында, Бишкекте эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн, Казакстан-Кыргызстан өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү маселелери талкууланды. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгында, эки мамлекеттин товар жүгүртүүсү 1,2 миллиард долларды түздү.  Арман Шаккалиев учурда оң динамика сакталып жатканын жана бул өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын бекемдөөгө көмөктөшөрүн билдирди.

Арман Шаккалиев: “Жетишилген келишимдер жакын арада биздин соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө шарт түзөт. Чек ара өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана кеңейтүү, суу-энергетика жаатындагы өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык кызматташтык, логистикалык жана бөлүштүрүүчү борборлорду куруу маселелери каралды. Бул иштердин бардыгы практикалык мүнөзгө ээ”, – деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/132233/tovarooborot-kazakhstana-s-kyrgyzstanom-za-devyat-mesyatsev-sostavil-1-2-mlrd.html