03.12.24
Казакстандын Түркестан шаарында лифт өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Түркестан облусунун акими Дархан Сатыбалды Түркиялык “EsVilla Prefabik Hafif Çelik Yapı Sistemleri Ltd. Şti.” компаниясынын башкы директору Ибрагим Туйлу менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Аталган маалыматты “Kapital.kz” маалыматы билдирди.
Ибрагим Туйлу буга чейин, Түркияда Түркестан облусунун делегациясы менен жолукканын билдирип келип: “Түркияда делегацияңыздар менен жолугушуу учурунда, Түркестандын инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат алдык. Атайы келип, баарын өз көзүм менен көрүүнү чечтим. “Өндүрүштүк паркка” барып, имараттарды көрүп чыктым. Биз лифт өндүрүшүн уюштурууну пландап жатабыз. Долбоорду тез арада ишке ашырып, ишти баштоону каалайбыз. Ишканада казак жаш адистери иштейт. Ошондой эле Хожа Ахмет Яссауи мавзолейине бардым. Сиздерди Түркияга келип, маанилүү биргелешкен долбоорлорду талкуулоого чакырам. Ишкердик байланыштар чыңалып, боордош өлкөлөрдөгү инвестициялык долбоорлор көбөйө берсин”, – деп белгилеп өттү түрк инвестору.
Дархан Сатыбалды. Түркиялык инвесторлор менен биргелешип иштөөгө дайым даяр экенин билдирди.
Дархан Сатыбалды: “Түркестан түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө орунду ээлейт. Бул Ахмет Яссауи жашаган, Туран өрөөнүнүн эң байыркы шаарларынын бири. Шаар Казак хандыгынын борбору болгон. Бул жерде казак хандары, бийлери жана баатырлары түбөлүк жай тапкан. Алты жыл мурун, Түркестан облустун борбору болуп аталган. Аймакта жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн”, – деп белгиледи.