10.12.24

Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев мамлекет ичинде Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Каспий жээгиндеги чек араларда, транспорттук-логистикалык жана соода борборлору курулуп жаткандыгын өкмөт жыйынында билдирди. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалыматы борбору жазып чыкты.

Арман Шаккалиев: “Чек арадагы хабдарды ишке ашыруу жергиликтүү аткаруучу органдар тарабынан инвесторлор менен биргеликте, Казакстандын аймагында чек ара хабдарын өнүктүрүү боюнча оперативдүү жумушчу топтун координациясында, премьер-министринин орун басары Серик Жумангариндин жетекчилиги астында жүргүзүлүүдө. Бул хабдардын түзүлүшү чек арадагы өлкөлөр менен соода байланыштарын ылдамдатат, чийки зат эмес экспорттун көлөмүн 30%  пайызга көбөйтөт жана биздин бизнес үчүн логистикалык процедураларды жөнөкөйлөтөт”, – деп  белгилеп өттү.

Өкмөт жыйынында Арман Шаккалиев Индустриалдык соода-логистикалык комплекс (ИСЛК) курулуш долбоору тууралуу толук маалымат берип келип: “Бул долбоор Казакстандын “Карасу” жана Кыргызстандын “Ак-Тилек” өткөрүү пункттарына жакын аймакта ишке ашырылмакчы. Аталган өткөрүү пункттары эл аралык “Батыш Европа – Батыш Кытай” автоунаа коридорунун маанилүү бөлүктөрү болуп саналат. Комплекс аймагында жөнөкөйлөштүрүлгөн чек ара системасы жана автотранспорт менен жүктөрдү каттоо системасы иштей турган болот. Жүктөр жаңы көпүрө аркылуу ташылып, бул учурдагы өткөрүү пункттарындагы жүктөмдү кыйла азайтууга шарт түзөт. Комплексти ишке киргизүү 2026-жылга пландалган”, – деп билдирди.

https://kapital.kz/economic/132395/torgovo-logisticheskiy-kompleks-na-granitse-s-kyrgyzstanom-zapustyat-v-2026-godu.html