17.12.24

2024-жылдын алгачкы 11 айында Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (Ортоңку коридор) аркылуу жүктөрдү ташуу көлөмү 63% пайызга өсүп, 4,1 миллион тоннаны түздү.

Бул тууралуу, Казакстандын транспорт министрлигине шилтеме берүү менен “Report” агенттиги маалымдады. Министрликтин маалыматында, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Ортоңку коридор менен контейнердик ташуулар 2,6 эсе көбөйүп, 50,5 миң контейнерди түзгөнү маалымдалат.

Казакстандын транспорт министрлиги тараткан маалыматта: “Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту туруктуу өсүүнү көрсөтүүнү улантууда. Бул анын жылдык өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн 6 миллион тоннага чейин, анын ичинде 100 миң контейнердик ташууларга жеткендиги менен тастыкталууда. Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган инфраструктураны жаңыртууга өзгөчө көңүл бурулууда", - деп бегиленет.

Эскерте кетсек, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту, же Ортоңку коридор деп белгилүү болгон бул эл аралык транспорттук багыт Кытай, Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия аркылуу Түркияга жана Европанын башка өлкөлөрүнө өтөт. Бул коридордун бир бөлүгү “Баку – Тбилиси – Карс” темир жолу болуп эсептелет.

https://report.az/ru/infrastruktura/gruzoperevozki-po-tmtmt-za-11-mesyacev-uvelichilis-na-63