23.12.24

Түркиялык компаниялары “YDA”, “Turkish Technic” жана “ASFAT” Казакстандын Актау аэропортунун аймагында учактарды техникалык тейлөө жана оңдоо борборун курууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев “Kapital.kz” бизнес маалымат борборунун кабарчысына билдирди.

Марат Карабаев: “Биз аэропортту жылына 200 миң тонна жүк ташуу мүмкүнчүлүгү менен мультимодалдык авиациялык хабга айлантууну пландап жатабыз”, - деп билдирди парламент өкүлдөрү менен өткөрүп жаткан жыйын учурунда.

Министрдин айтымында, бул үчүн терминалдын инфраструктурасын модернизациялоо, күйүүчү май сактоочу комплексин куруу жана учуу-конуу тилкелерин жаңыртуу керек болот.

Марат Карабаев: “Актау аэропортунун негизги артыкчылыгы анын географиялык жеткиликтүүлүгүндө. Европага жетүү үчүн болгону үч саат учуу талап кылынат жана бардык транспорт түрлөрү менен интеграциялануу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол себептен Түркиянын “YDA”, “Turkish Technic” жана “ASFAT” компаниялары учактарды техникалык тейлөө жана оңдоо борборун, ошондой эле авиациялык адистерди даярдоо боюнча окуу борборун курууну көздөп жатышат. Техникалык борбор Казакстан, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык жана аскердик учактарын тейлейт. Бул иш чараларды ишке ашыруунун натыйжасында аэропорттун жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жылына 200 миң тоннага жетип, жылдык акча каражатынын жүгүртүүсү 520 миллиард теңгени түзөт”, - деп кошумчалап өттү.

Мындан тышкары, жүк ташуу процессин санариптештирүү жана атайын экономикалык зоналарды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда, Азия - Европа багытындагы жүк ташуулардын көлөмү 12 миллион тоннаны түзөт, анын ичинен 1,7 миллион тонна Казакстандын аба мейкиндиги аркылуу ташылат.

https://kapital.kz/economic/132782/v-aktau-postroyat-tekhtsentr-po-obsluzhivaniyu-i-remontu-samoletov.html