23.12.24

Түркиянын “YDA” жана “ASFAT” компаниялары Каспий деңизиндеги Курык портуна жакын жерде кеме заводун курууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөнүн транспорт тармагындагы маанилүү көйгөйлөрдүн бири жергиликтүү флоттун жетишсиздиги болуп эсептелет.
Марат Карабаев: “Учурда Курык-Алят маршруттук багытында азербайжандык паромдор гана иштеп жатат. Бизге азыртан эле кеминде жети кеме керек. Алардын өндүрүшү үчүн Түркиянын компаниялары “YDA” жана “ASFAT” Курык портуна жакын жерде атайын завод курууну пландашууда”, - деп билдирди.

Министрдин билдиришинче, алдыдагы үч жылдын ичинде Актау портунун контейнердик иштетүү кубаттуулугун 140 миңден 550 миң контейнерге чейин көбөйтүү пландалууда.

Марат Карабаев: “Бул үчүн кытайлык “Ляньюньган порт” компаниясы менен биргеликте контейнер хабын куруу иштери башталды. Андан сырткары, немистердин “Ренус”, америкалык “Wandernet” жана француздардын “CMA CGM” компаниялары менен 300 миң контейнердик кубаттуулуктагы кошумча терминал түзүү маселеси каралууда. Ошондой эле Курык портунда көп функциялуу “Саржа” терминалынын курулушу жүрүп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Мангистау облусунда жашыл суутекти ташуу үчүн терминалдын долбоору иштелип чыгууда. Бул суутек аймакта өндүрүлөт деп пландалууда.

https://kapital.kz/economic/132775/turetskiye-kompanii-planiruyut-postroit-sudostroitel-nyy-zavod-v-rk.html