04.01.25
2027-жылы Өзбекстан жана Казакстанды жаңы темир жолу байланыштырат. Бул эки өлкө ортосундагы экспорттук жүк ташууларын бир топ көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
“Қазақстан темір жолы” компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, “Дарбаза – Мактаарал” темир жолунун курулушу азыркы “Сарыагаш — Ташкент” маршруту боюнча жүк агымын кайра бөлүштүрүүгө шарт түзөт. Бул “Сарыагаш” станциясына болгон жүктү азайтып, Өзбекстанга экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет.
Жаңы темир жол бутагы Түркстан облусунун эки алыскы району болгон Мактаарал жана Жетисай райондорун башка аймактар менен байланыштырып, транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
Бул инвестициялык долбоордун жалпы наркы 286 миллиард теңгенин тегерегинде болуп, аны “Қазақстан темір жолы” компаниясы ишке ашырууда. Бул компания “Самрук-Қазына” фондунун портфельдик компаниясы болуп эсептелет.
Учурда 203 чакырымдык темир жолдун болжол менен 100 чакырымы салынып бүттү. Жер казуу иштери 9,5 миллион кубометрдин ичинен 1,4 миллион кубометрди (жалпы көлөмдүн 15% пайызы) түздү.
Курулуш иштерине 46 жол куруучу техника жана 70 ашуун жумушчу тартылган.
Компания жаңы темир жол курууда казакстандык өндүрүүчүлөрдүн материалдары колдонуларын белгиледи. Долбоор ишке ашырылып жаткан учурда 3 400 убактылуу жумуш орундарын түзүү пландалса, анын аяктагандан кийин 500 ашуун туруктуу жумуш орундары пайда болот.
https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kazakhstan-soedinit-novaia-zheleznaia-doroga/