06.01.25
Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түрк инвестициялык фондунун президенти Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Жолугушуу учурунда, фонддун башчысы 2024-жылдагы иштердин жыйынтыгын сунуштап, уюмдун ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү башталганын белгиледи. 2025-жылга карата пландарга өзгөчө көңүл бурулуп, долбоорлордун портфелин кеңейтүү, инфраструктуралык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Түрк мамлекеттериндеги чакан жана орто бизнести колдоо сыяктуу багыттар камтылган”, – деп билдирди.
Мурат Нуртлеу фонд Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында туруктуу өнүгүүгө жана экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүүчү негизги курал катары маанилүүлүгүн белгиледи. Түрк инвестициялык фонду, түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясынын алгачкы биргелешкен каржылык институту болуп саналат. Анын баштапкы капиталы 500 миллион доллар. Фондду түзүүнүн негизги максаты Түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү.
Эскерте кетсек, Түрк инвестициялык фондун түзүү тууралуу Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын лидерлери 2022-жылдын 11-ноябрында, Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде макулдашкан. Фондду түзүү боюнча келишим аталган уюмдун 2023-жылдын 16-мартында Анкарада өткөн саммитинин алкагында кол коюлган. Түрк инвестициялык фондуна мүчө мамлекеттердин, башкаруучу кеңешинин алгачкы инаугурациялык жыйыны 2024-жылдын 21-майында Стамбулда өткөн.
https://kapital.kz/economic/133126/tyurkskiy-investitsionnyy-fond-budet-podderzhivat-msb.html