12.01.25
Казакстан Кыргызстандын узак убакыттан бери эң ири үч соода өнөктөшүнүн бири болуп эсептелет. Акыркы эки жылда эле эки тараптуу соода жүгүртүү туруктуу түрдө 1,5 миллиард доллардан ашкан.
Бул көрсөткүчтөр, Казакстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда айтылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министри, Казакстандын чакыруусу менен Астана шаарына келген.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда эки өлкөнүн министрлери өз ара соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү макулдашышты. Бул максатта, казак-кыргыз чек арасындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексинин ишке кириши, эки тараптуу товар жүгүртүүнүн тизмесин кеңейтүү, бизнес форумдарды жана соода миссияларын үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү экендиги баса белгиленди.
Айрыкча эки өлкөнүн ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Казакстан Кыргызстандын экономикасына 1,3 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Министрлер энергетика, транспорт, логистика сыяктуу тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин белгилешти жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты. Бул тармактар боюнча жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
https://cmn.kz/kazahstan-vhodit-v-trojku-krupnejshih-torgovyh-partnyorov-kyrgyzstana-mid-rk/