10.01.25
Венгриялык “Soil Solution” компаниясы, Казакстанда сууну үнөмдөөгө жардам берген препаратты өндүрүүчү завод ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу, Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип, Kapital.kz бизнес маалымат борбору билдирди.
Таратылган маалыматта: “Казакстанда сууну үнөмдөөчү венгриялык препараттын сыноосунун биринчи этабы аяктады. Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин демилгеси менен сыноого төрт илимий-изилдөө институту катышты. Алар: Тараз шаарындагы “Казакстан суу чарбасы илимий-изилдөө институту”, Кызылордадагы “И. Жахаев атындагы күрүч өстүрүү илимий-изилдөө институту”, “Пахта жана бакча чарбачылыгы боюнча айыл чарба тажрыйба станциясы” жана “Агрардык инновациялар институту”. Сыноо учурунда, препараттын топурактын нымдуулугуна ар кандай шарттарда жана климаттык шарттарда тийгизген таасири, ошондой эле аз өлчөмдөгү сууну пайдалануу менен түшүмдүүлүктү жогорулатуу жөндөмдүүлүгү изилденди”, – деп билдирилет.
Илимпоздордун айтымында, бул препарат күрүч аянттарында сууну 37% пайыз үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Салттуу метод менен күрүчтү 90 күн бою сугаруу керек болсо, бул препараттын жардамы менен 51 күндүк сугаруу жетиштүү болот. Ошондой эле, кант кызылчасын сугарууда суунун 23,9% пайыз үнөмдөсө, жүгөрүнү 28,7% пайыз үнөмдөөгө жетишкен. Эксперттер түшүмдүүлүктүн өсүшү да байкалганын белгилешти.
Венгриялык “Soil Solution” компаниясынын өкүлдөрү, эгерде аграрийлер тарабынан чоң суроо-талап болсо, Казакстанда препарат чыгаруучу завод ачууну пландап жатышканын билдиришти.
Компаниянын өкүлү Даниел Репасси: “Учурда биз продукциябызды өндүрүүчү заводду, Казакстанда ачуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатабыз. Бул жол чыгымдарын азайтууга жардам берет, демек, аграрийлер үчүн препарат бир нече эсе арзан болот. Ошондой эле, Казакстанда өндүрүлгөн продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот”, – деп билдирди.