13.01.25
“Астана – Самарканд” багыты боюнча жаңы темир жол каттамы ачылары күтүлүп жатат. Бул тууралуу, “Казакстан темир жолу” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
Астанада Казакстандын “Пассажирские перевозки” акционердик коому жана Өзбекстандын “Ўзбекистон темир йўллари” акционердик коомунун жетекчилигинин ортосунда жолугушуу болуп өттү. Көрүшмөдө Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык каттамдарды түзүү боюнча келишим кабыл алынды. Негизинен, “Астана – Самарканд” жаңы эл аралык маршрутун ачуу талкууланды. Аталган каттам эки өлкөнүн туристтик мамилелерин өнүктүрүүгө түрткү болмокчу.
Жолугушууда эл аралык каттамдардагы поезддердин жүрүү расписаниесин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Мындай кадамдар жүргүнчүлөр үчүн сапарларын ыңгайлуураак кылып, туристердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Өткөн 2024-жылы “Алматы – Ташкент” маршруту боюнча поезд менен 72 миңден ашуун жүргүнчүлөр ташылган. Мындай көрүнүш каттамга болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтүүдө.
https://kz.kursiv.media/2025-01-13/lfst-devy-train-samarkand/