14.01.25
Казакстандын Жамбыл облусунун акими Ербол Карашүкеев “Masdar” компаниянын өкүлдөрү менен кубаттуулугу 1 ГВт болгон шамал электр станциясын куруу долбоорун талкуулады. Долбоор энергияны сактоо системасын камтыйт жана анын алдын ала баасы 742 миллиард теңгенин тегерегинде деп бааланууда. Бул тууралуу, Жамбыл облусунун басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун жетекчиси Ернур Жиенбаев шамал паркынын аймагында учурда геотехникалык иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Жашыл энергия булактарынын ири объектисинин курулушу келерки жылы башталары пландалууда.
Ернур Жиенбаев ошондой эле компаниянын аймактагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана жашыл энергетика тармагындагы жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландары тууралуу кошумчалады.
Ербол Карашүкеев жергиликтүү жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, регион тургундарынын арасынан квалификациялуу адистерди даярдоо зарыл экенин айтты. Аким бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.
Жамбыл облусунда жашыл энергия булактарынын тармагы мамлекеттик колдоонун жана жагымдуу инвестициялык климаттын аркасында тездик менен өнүгүүдө. Учурда бул аймакта жалпы кубаттуулугу 571,3 МВт болгон 22 жашыл энергия объектилери иштеп жатат.