18.01.25

Казакстандын Түркестан облусунда беш ири ишкананы өзбекстандык компания ишке киргизет. Долбоордун жалпы баасы 21 миллиард тенгени (39,6 миллион доллар) түзөт. Жыйынтыгында 2 миңден ашуун жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Ушул жана башка маселелерди Түркестан облусунун башчысы Нуралхан Кушеров өзбекстандык “Global Textile Group” компаниясынын жетекчиси Музаффар Разаков менен талкуулады. Компания пахта-текстиль кластерин өнүктүрүү багытында иш алып барууда.

Учурда Мактаарал районунда текстиль фабрикасын жана логистикалык борборду ачуу долбоору ишке ашырылууда. Облустун акиматынын басма сөз кызматы: “Global Textile Turkistan” долбоорунун алкагында логистикалык борбор, пахта иштетүүчү завод, текстиль фабрикасы, боёк, ийрим жана тигүү цехтери ишке киргизилет. Пахта иштетүүчү заводдун жылдык кубаттуулугу 13,8 миң тоннаны түзөт. Даяр продукция ички рынокко жана Европанын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолот. Өндүрүштө Швейцариянын технологиялары колдонулат”, – деп билдирди.

Фабриканы керектүү инфраструктура менен камсыздоо үчүн атайын “жол картасы” иштелип чыккан. Аймактын акими долбоорлор пландалган тартипте ишке ашарын жана бардык этаптарда административдик колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

2024-жылы компания “Наманган-77” деген сорттогу пахта уруктарын алып келип, алар 3,2 миң гектар аянтка себилген. Түшүмдүүлүк күтүлгөндөн да жогору болду. Мындан тышкары, жылына 10 миң тонна пахтаны кабыл ала турган пункттун курулушу аяктады.

Иш жергиликтүү фермерлер менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Өзбекстандык агрономдор себүү жана жыйноо иштеринде дыйкандар менен тажрыйба бөлүшүүдө. Акиматтын маалыматына ылайык, текстиль фабрикасы 2027-жылы ишке киргизилет.

https://ru.sputnik.kz/20250118/pyat-krupnykh-predpriyatiy-zapustit-uzbekskaya-kompaniya-v-turkestanskoy-oblasti--50060936.html