24.01.25
Казакстанда Зайсан, Катон-Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында үч жаңы аэропорттун курулуш долбоорлору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Демилге ички туризмди өнүктүрүүгө жана авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жаңы объектилер жергиликтүү экономиканын өсүшүнүн кыймылдаткычы болуп, жумуш орундарын түзөт жана туристтерди тартат деп күтүлүүдө.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев: “Катон-Карагай, Зайсан жана Кендирли курорттук аймактарынын потенциалын ачуу керек. Курорттук аймактарда аэровокзалдык комплекстерди жана аэропортторду куруу, ошондой эле сапаттуу жол инфраструктурасын камсыздоо зарыл”, – деп тийиштүү органдарга тапшырма берди.
Мындан тышкары, “Хоргос” атайын экономикалык аймагында ири жүргүнчү жана жүк ташуучу авиациялык комплекс курулууда. Ташуу көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу, 2024-жылы Казакстандын аэропорттору 30 миллион жүргүнчүнү тейлеген, ал эми жүк ташуулар 28 миң тоннага жеткен.