27.01.25
Шымкент шаарында 650 миллион долларлык ири күнөскана комплекси курулат. Бул долбоорду каржылоо толугу менен Түркиянын “Alarko Holding” компаниясына жүктөлгөнүн, Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Дүйшөмбү күнү, 27-январда, Казакстандын Айыл чарба министрлиги, “Alarko Holding”, Шымкент шаарынын акимчилиги жана түркиялык холдингге таандык казакстандык “Alsera KZ” компаниясы долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Талкууга Түркиянын Казакстандагы элчиси Мустафа Капуджу, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана “Kazakh Invest” компаниясынын өкүлдөрү да катышты.
Күнөскана комплексинде жылына 155 миң тонна помидор өстүрүлөт. Долбоор эки этапта 2028-жылга чейин ишке ашырылат. Бул 5 миң жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.
Мындан сырткары, түркиялык инвесторлор социалдык милдеттенмелерди да мойнуна алышты. Компания шаарды жашылдандыруу, балдар аянтчаларын жана бакчаларды куруу иштерин жүргүзүүнү пландоодо. Келишимде долбоорду 25 жылга өнүктүрүү каралган.
“Alarko Holding” компаниясы Түркиянын эң ири бизнес-конгломераттарынын бири. Компания курулуш, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү, туризм жана кыймылсыз мүлк сыяктуу ар кандай тармактарда иш алып барат. Ал 1954-жылы негизделген.