29.01.25
“КазМунайГаз” (КМГ) улуттук компаниясынын туунду компаниясы “Казмортрансфлот” (КМТФ) кемелери Актау-Баку каттамы боюнча 20 фут эквивалентинде (TEU) 51,4 миң контейнерди ташыды.
Бул тууралуу “Репорт” маалымат кызматы “КазМунайГаз” (КМГ) улуттук компаниясынын маалыматына таянуу менен билдирди.
Аталган маалыматта: “2024-жылы контейнердик ташууларда жакшы ийгиликтер орун алды. 2019-жылы ишке киргизилген “Актау-Баку-Актау” каттамы боюнча “Казмортрансфлот” (КМТФ) компаниясынын кемелери өткөн жылы 51,4 миң TEU же 55 миң TEU жалпы көлөмүнүн 94% пайызын ташыган”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2024-жылы “Казмортрансфлот” компаниясынын кемелери рекорддук 13,2 миллион тонна мунай ташыган, бул 2023-жылга салыштырмалуу 22,2% пайызга көпттүк кылат.
“КазМунайГаз” (КМГ) улуттук компаниясынын басма сөз кызматы: “Өсүш Каспий деңизи аркылуу, Теңиз жана Каражанбас кендеринен мунай ташуунун көбөйүшү, ошондой эле Кара деңиз аркылуу көмүр суутектерин ташуунун эсебинен жетишилди. Жалпысынан танкерлер иштеп баштаган бери ташылган мунайдын жалпы көлөмү 170 миллион тоннадан ашты”, - деп билдирди.