17.02.25

Астанада Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жолугушту.

Көрүшмөдө тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору, Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматына таянып кабарлады.

Министрлер эки өлкөнүн энергетика секторунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Айрыкча, “КазМунайГаз” жана “MOL Group” компанияларынын нефть жана газ тармагындагы кызматташтыгы өзгөчө көңүл борборунда болду.

Тараптар эки компания тең катышкан “Рожковское” газ-конденсат кенин натыйжалуу иштетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле, “Дружба” мунай кууру аркылуу, Казакстандын мунайын Венгрияга жеткирүү маселелери талкууланды. 2025-жылы сыноо ирээтинде жеткирүүлөрүн ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Казакстандык тарап венгриялык кесиптештеринин, айрыкча “MVM Group” компаниясынын атомдук электр станциялары үчүн кургак муздаткыч мунараларды өндүрүү боюнча тажрыйбасына кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун соңунда, тараптар энергетика жаатындагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пландарды аныкташты.

https://kapital.kz/economic/134472/kazakhstan-budet-postavlyat-neft-v-vengriyu.html