23.02.25
Жамбыл облусунун делегациясы аким Ербол Карашукеевдин жетекчилиги астында, Түркиянын Мерсин провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында, “Казакстан-Түркия” инвестициялык форумуна катышып, түркиялык компаниялар менен “B2G” форматында жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу 2025-жылдын 23-февраль күнү Жамбыл облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ербол Карашукеев түркиялык компанияларга инвестиция үчүн багыттарды сунуштап, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм, курулуш, тоо-кен өнөр жайы, кабельдик продукцияларды өндүрүү, желдетүү жабдуулары, электр жабдуулары, насостор жана жылуулук изоляциялык материалдарын чыгаруу тармактарында чоң потенциал бар экенин билдирди.
Ербол Карашукеев: “Биз кызыкдар инвесторлорго керектүү колдоо көрсөтүүгө, ар кандай жеңилдиктерди сунуштоого жана даяр инфраструктурасы бар өндүрүш жайларын берүүгө даярбыз. Аянты 40 миң чарчы метр болгон өндүрүш жайларынын курулушу аяктап жатат жана алар ачкыч тапшыруу негизинде берилет. 2025-жылы дагы 100 миң чарчы метр аянттагы өндүрүш жайларын куруу пландалууда. Инвестициялык долбоорлорду коштоп жүргөн “Zhambyl Invest” дирекциясында Түркия менен иштөө үчүн өзүнчө бөлүм түзүлдү”- деп белгилеп өттү.
Жамбыл облусунун делегациясы, Мерсиндин ишкерлери менен “B2G” форматында жолугушууларды өткөрүп, бул байланыш каналдарын түзүүгө жана Жамбыл облусунун райондору менен Мерсин провинциясынын соода активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Мерсиндин ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Казакстандын Жамбыл облусу менен биргеликте цемент, дизель майы, күн панелдерин өндүрүү, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана башка багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.