04.03.25

Индиядан Казакстанга биринчи контейнердик поезд жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору, “Қазақстан темір жолы” улуттук компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен билдирди.

“Қазақстан темір жолы” ачык акционердик коомунун (ААК) туунду компаниясы болгон “Кедентранссервис” ачык акционердик коомунун (ААК), ошондой эле (Өзбекстан) “Узтемирйулконтейнер” ачык акционердик коому ААК жана (Түркмөнстан) “ТЛЦТ” ачык акционердик коому (ААК) биргеликте, Индиянын Мундра портунан Астана шаарындагы Сороковая станциясына чейин 12 даана жыйырма футтан турган контейнерлер менен керамикалык плитканы ташып жеткирүү иштерин уюштурушту”, – деп айтылат маалыматта.

Поезд Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан аймактары аркылуу өтөт. Маршруттун узундугу 1,585 чакырымдык деңиз жолу жана 4,300 чакырымдык темир жол каттамын камтыйт. Жүк ташуунун узактыгы Бандер-Аббас портунда (Иран) канча убакытта жүктөлгөнүнө жараша болжол менен 25-30 күндү түзөт.

Мындай жол менен товар ташуу “Түндүк-Түштүк” коридорунун чыгыш маршруту боюнча контейнердик кызматты өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Аталган коридор жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартууга, ташуу чыгымдарын азайтууга жана экспорттоочулар менен импорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

https://kapital.kz/economic/134934/zapushchen-pervyy-konteynernyy-poyezd-iz-indii-v-kazakhstan.html