07.03.25
Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында, өзбек тарап кошумча төрт соода коридорун ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу, “Kazinform” агенттиги билдирди.
Бул демилгени, Өзбекстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бахтиёр Ибрагимов, Жетисуу облусунун ишкерлери менен жолугушуусу учурунда жарыялады.
Дипломат эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоо боюнча, Өзбекстан тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кеңири айтып берди. Алсак, Ташкенттин расмий бийликтери чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын кеңири реконструкциялап жатканы белгиленди. Анын айтымында, бул өз ара сооданын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Мындан мурда, Казакстандын соода борбору Ташкентте, ал эми Өзбекстандын соода борбору Астанада ачылышы мүмкүн экени кабарланган.
Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда казак капиталы менен иш алып барган миңден ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп жатат жана эки өлкөнүн аймактар аралык байланышы активдүү өнүгүүдө.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард доллардан ашты. Анын ичинде Өзбекстан Казакстанга 1,4 миллиард долларлык товар экспорттосо, импорттун көлөмү 2,8 миллиард доллардан ашты. Мындан тышкары, акыркы беш айда Казакстан Өзбекстанга 2 миллион тонна дан жеткирген.