01.04.25

Түркиялык “Çalik Holding” компаниясы Казакстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары  Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен компаниянын башкармалыгынын төрагасы Ахмет Чалык мырзанын жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборунун кабарчысы аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.

Тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, айрыкча Казакстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Көрүшмөдө, жер казынасын пайдалануу, агроөнөр жай комплекси, энергетика жана логистика тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Ахмет Чалык холдингдин Казакстанда ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал түстүү металлдарды казып алуу, Костанай облусунда дан-бурчак жана май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү завод куруу, ошондой эле газ долбоорлоруна катышуу пландары бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров да Ахмет Чалык менен жолугушуу өткөрдү. Түркиялык компания айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Айрыкча, “Çalık Holding” компаниясы чечевицаны жана кант кызылчасын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Айдарбек Сапаров: “Айыл чарба министрлиги өз ыйгарым укуктарынын алкагында бардык зарыл шарттарды түзүп, инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп белгилеп өттү. Ахмет Чалык “Çalık Holding” Казакстандын рыногун активдүү изилдеп, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышкандыгын айрыкча, терең кайра иштетүү боюнча долбоорлорго кызыгуу жогору экендигин билдирди.

“Çalık Holding” компаниясы, Түркиянын ири финансылык-өнөр жай топторунун бири болуп, 34 өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Компания Борбор Азия, Балкан жана Жакынкы Чыгыш аймактарында ири инфраструктуралык, энергетикалык жана өнөр жай долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып келет.

https://kapital.kz/economic/135555/calik-holding-rassmatrivaet-vozmozhnosti-investirovaniya-v-ekonomiku-rk.html