10.04.25

Казакстандын Энергетика министрлиги Венгрияга  “Достук”  кууру аркылуу мунай жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгүн талкуулоону улантууда. Бул тууралуу,  “inbusiness.kz,” маалымат кызматы билдирди.

Учурда бул маселе баштапкы этапта турат жана мунай жеткирүүнүн реалдуу көлөмү бир нече факторлордон көз каранды. Аларга, экономикалык жагымдуулук, ташуунун багыттары жана өлкөлөрдүн чарба субъектилеринин ортосундагы келишимдердин болушу.

Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстан азырынча Венгрияга мунай жеткирүүгө болгон рыноктогу суроо-талапты изилдеп жатат. Анткени бул өлкөгө кандай көлөмдө мунай экспорттосо болорун тесттик режимде баалоо зарыл.

Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев белгилегендей, эгерде жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөрдөн талаптар түшсө, Казакстан өкмөтү транзиттик техникалык мүмкүнчүлүктү камсыз.

Мындан тышкары,  венгриялык жана россиялык кесиптештер менен биргеликте системанын тесттик текшерүүсүн жүргүзөт. Тест учурунда мунай жеткирүүнүн техникалык жагдайлары жана эффективдүү транспортировка маселелери толук иштелип чыгат.

https://inbusiness.kz/ru/last/kazahstan-izuchaet-vozmozhnost-postavok-nefti-v-vengriyu