14.05.25

Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Иран, Кытай жана Түркмөнстан темир жол жүктөрүн ташуу боюнча бирдиктүү тарифтерди кабыл алуу жөнүндө маанилүү келишимге жетишти. Бул келишимдин максаты, Кытайдан Европага Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш аркылуу жүктөрдү ташуунун көлөмүн көбөйтүү болуп эсептелет. Бул тууралуу “AnewZ” аналитикалык маалымат кызматы кабарлады.

Тегеранда алты өлкөнүн темир жол башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү. Көрүшмөдө негизги көңүл “Кытай – Европа” багыты боюнча, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш аркылуу өтүүчү транспорт коридорун чыңдоого бурулду.

Талкуулардын негизги жыйынтыгы “Кытай – Казакстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа” маршруту боюнча темир жол жүк ташууларына атаандаштыкка жөндөмдүү жана макулдашылган тарифтерди бекитүү болду.

Тараптар жүктөрдү ташуунун көлөмүн көбөйтүү жана тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аткарыла турган иш чараларды макулдашышты.

Бул демилге, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы соода үчүн транспорт коридорун экономикалык жактан пайдалуу жана ишенимдүү вариантка айлантып, Азия менен Европанын транспорттук байланыштарын жакшыртат жана регионалдык экономикалык интеграцияга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Казакстандын маалыматына ылайык, 2025-жылдын биринчи төрт айында Кытайдан Иранга Казакстан аркылуу контейнердик жүктөрдү ташуу көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсе өскөн. Мындай көрсөткүч аталган маршруттун Евразияда товар жүгүртүүдө мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.

https://business.com.tm/post/13587/uzbekistan-kazakhstan-turkmenistan-turkiye-iran-china-reach-rail-tariff-agreement