22.05.25

Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэро-космостук өнөр жай министри Жаслан Мадиев жетектеген делегация Өзбекстанда иш сапары менен болушту.

Сапардын алкагында конокторго 22-майда Ташкент шаарында ачылган Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Регионалдык байланыш кызматташтыгынын аткаруу комитетинин ишмердүүлүгү тааныштырылды. Андан соң, Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар, негизги иш багыттары жана келечектеги пландар боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Казакстандык делегация ошондой эле квалификациялуу IT кадрларды даярдоого адистешкен “Ustudy IT” академиясы жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча инновациялык долбоорлор менен иш алып барган борборлордун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Айрыкча жасалма интеллект жана алдыңкы санариптик чечимдер жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Сапардын негизги бөлүгү, Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов менен Казакстандык делегациясынын расмий жолугушуусу болду. Көрүшмөдө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, учурдагы маселелерди жоюу жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.

Аларга чек ара аралардагы телекоммуникациялык кызматтарды өркүндөтүү, Өзбекстан менен Казакстандын IT-компанияларынын кызматтарын дүйнөлүк рынокко чыгаруу, санариптик кызматтардын экспортун көбөйтүү жана эки өлкөнүн технопарктарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Ошондой эле инкубация жана акселерация программаларынын алкагында, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылды. Казакстандык стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, инвестиция тартуу жана эл аралык платформаларга чыгуу боюнча кызматташтыктын багыттары аныкталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Казакстандык делегациянын Самарканд шаарында өтө турган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мамлекеттик кызматтар боюнча форумуна жана 2025-жылдын 23–25-сентябрь күндөрү Ташкент шаарында өтө турган “ICT Week Uzbekistan” иш-чарасына активдүү катышуусу тууралуу макулдашышты.

Тараптар Өзбекстан менен Казакстандын санариптик технологиялар, инновациялар жана телекоммуникациялар тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин тастыктап, бул багыттар боюнча системалуу жана биргелешкен ишти улантууга болгон умтулуусун баса белгилешти.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kazakhstan-obsudili-ukreplenie-sotrudnichestva-v-sfere-tsifrovykh-tekhnologii/