01.06.2025

Түркиянын “Tiryaki Agro” холдинги жана Катардын “Hassad Food” компаниясынын катышуусу менен Астана шаарында агроөнөр жай комплекси ачылмакчы. Бул өлкөдөгү дан эгиндерин жана буурчак өсүмдүктөрүн терең иштеткен, өндүрүшкө багытталган алгачкы ишкана болот. Бул тууралуу, Казакстандын Инвестициялар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекс борбор калаанын Байкоңыр районунда курулат. Инвестиция көлөмү болжол менен 320 миллион долларды түзөт. Заводду куруу учурунда 500 ашык жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө. Завод жыл сайын 250 миң тонна буудайды жана 80 миң тонна буурчакты кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Иштетилген продукциялардан буудай, буурчак крахмалы, глютен, лизин, мал азыктары, буурчак протеини жана башка компоненттер өндүрүлөт.

Өндүрүлгөн продукциялар ички рынокко гана эмес, ошондой эле КМШ, ЕБ, Түркия, Түндүк Америка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө да экспорттолот.

Инвестициялар комитетинин төрагасы Габидулла Оспанкулов: “Бул долбоор Казакстандын агроөнөр жайы кандай болушу керек экендигинин мисалы. Жаңы курула турган завод жогорку технологиялуу, экспортко багытталган продукция өндүрөт. Биз көптөн бери чийки затка негизделген моделден баш тартууну максат кылып келебиз. Түркия жана Катардан келген ири инвесторлордун катышуусу менен түзүлгөн бул келишим, Казакстан олуттуу индустриялык демилгелер үчүн өзүнө тартуучу борборго айланып жатканын тастыктайт. Инвестициялар комитети жана улуттук “Kazakh Invest” компаниясы долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында административдик жол-жоболордон баштап, тышкы рынокторго чыгууга көмөктөшүүгө чейин ар тараптуу колдоо көрсөтөт”, - деп белгилеп өттү.

Tiryaki Agro компаниясы Түркиядагы эң ири агрохолдингдердин бири болуп саналат. Ал айыл чарба продукцияларын дүйнөнүн 55 өлкөсүнө экспорттойт. Жылдык товар жүгүртүүсү 2,5 миллиард доллардан ашып, сатуунун көлөмү 4 миллион тоннадан ашат. 2019-жылы Fortune-500 рейтингинде, Түркиянын эң ири жеке компанияларынын ичинде 64-орунду ээлеген.

https://kapital.kz/business/137411/tureckie-i-katarskie-investory-postroyat-v-astane-kompleks-za-dollar320-mln.html