02.04.25

Түркиялык фармацевтикалык “ORZAX” компаниясы, Казакстандын Түркстан облусунда биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) өндүрүүчү завод курууну көздөп жатат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору билдирди. Проектинин жалпы наркы 40 миллион долларды түзөт.

Бул тууралуу, Түркстан облусунун акими Нуралхан Кушеров жана “ORZAX” компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен түзүлгөн “TURAN” атайын экономикалык зонасынын аймагында завод куруу мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул чечим компанияга жөнөкөйлөштүрүлгөн салык жана административдик режимдерди колдонуу менен эффективдүү өндүрүштү түзүүгө жол ачат.

Түркстан облусунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Өндүрүш комплекси ишке киргенден кийин жыл сайын 35 миллион таңгак биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) чыгаруу пландалууда. Мындан тышкары, 500 ашык жумушчу орун түзүлөт. Бул аймактын тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Түркстан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түрткү берет. Жолугушуунун алкагында 2025-жылдын ичинде курулуш иштерин баштоо жана заводду 2026-жылдын аягына чейин ишке берүү маселелери кеңири талкууланды”, – деп айтылат.

Түркстан облусунун акими Нуралхан Кушеров: “Биздин регион кызматташууга ачык. Казакстан менен Түркия бир тууган өлкөлөр. Түрк компаниясынын мындай ири инвестициялык долбоорду, Түркстан облусунда ишке ашыруу чечими биздин регион үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Заводдун курулушу экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, жүздөгөн жарандарыбызды туруктуу иш менен камсыздайт. Биз бул демилгени толук колдойбуз жана долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы үчүн бардык шарттарды түзүп беребиз. Сиздер менен түз байланышта болууга даярбыз”, – деп белгилеп өттү.

“ORZAX” Түркиянын эл аралык деңгээлдеги алдыңкы компаниясы. Ал табигый ингредиенттердин негизинде биологиялык активдүү кошумчаларды чыгарат. Учурда компания 100 ашык түрдүү продукцияны – пробиотиктерди, өсүмдүк экстракттарын, атайын формулаларды, Омега-3, витаминдерди, минералдарды, коллагенди өндүрөт. Анын продукциясы 50 ашык өлкөлөргө экспорттолот.

https://kapital.kz/business/137398/tureckaya-orzax-namerena-postroit-v-turkestanskoj-oblasti-zavod-po-proizvodstvu-badov.html