09.06.2025

Казакстандын Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Актау шаарында эң ири контейнердик хаб иштей баштады. Бул тууралуу “Sputnik Казахстан” маалымат кызматы билдирди.

“Самрук-Қазына” фондунун жетекчиси Нурлан Жакупов: “Транзиттик-транспорттук потенциалды өнүктүрүү өлкөнүн стратегиялык максаттарынын бири. Он жылдан бери “Казакстан темир жолдору” (КТЖ) компаниясы жана Кытайдын “Ляньюньган” деңиз порту кызматташып келет. Биргелешип кызматташуунун жыйынтыгында, “Ляньюньган”  портунда эки өлкөнүн бирлешкен терминалы жана кургактыкта “Khorgos Gateway” порту эми болсо, Актау шаарында Каспий деңизинин жээгинде контейнердик хаб ачылып жатат. Бул долбоор, Казакстандагы транспорт жана логистика тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам”, - деп белгилеп өттү.  

Маалыматта айтылгандай, жаңы хаб транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, Казакстандын Чыгыш-Батыш, Түндүк-Түштүк жана башка эл аралык багыттардагы маанилүү өлкө катары позициясын бекемдейт. Мындай Казакстандын ичинде курулган заманбап логистикалык инфраструктура, алдыңкы технологияларды колдонуу менен контейнердик жүктөрдү ташууну кыйла ылдамдатат.

Бул долбоорду, Казакстандын улуттук “Казакстан темир жолу” компаниясы, “Актау эл аралык деңиз соода порту” жана Кытайдагы ири “Ляньюньган” порту менен биргеликте ишке ашырышты.  Долбоордун башкы подрядчысы Кытайдын ири мамлекеттик “China Communications Construction Company” (CCCC) корпорациясы  болду.

https://oxu.az/ru/v-mire/krupnejshij-na-kaspii-kontejnernyj-hab-zapustili-v-aktau