12.06.25
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясына (TÜRKPA) мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары менен жолугушуп, Казакстандын түрк дүйнөсүнүн интеграциясына толук колдоо көрсөтөөрүн дагы бир жолу кайталады. Жолугушууда TÜRKPA түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти бекемдеген маанилүү саясий түзүм экенине басым жасалды.
Президент Токаев: “Казакстан түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнү колдойт. Бул процессте TÜRKPA негизги ролду ойнойт", - деп билдирди. Ошондой эле, Казакстан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) негиздөөчүлөрүнүн бири экенин эске салып, интеграция процессине активдүү салым кошууну уланта турганын белгиледи.
Өткөн жылы Казакстан "TURKTIME" темасынын алкагында төрагалык кылган мезгилде, 100 жакын иш-чара өткөрүлгөнүнө көңүл бурган Токаев, Астанада өткөн 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана бирдиктүү түрк алфавити сыяктуу маанилүү окуяларды эске салды. Ал келерки саммитти ыйык Түркстан шаарында өткөрүү сунушун киргизди.
Экономикалык мамилелер жана парламенттер аралык дипломатия
Токаев соода, энергетика, финансы жана инвестиция тармактарында кеңейип жаткан мамилелердин маанисине токтолду. Ал “Түрк инвестиция фонду” натыйжалуу иштеп жатканын жана парламенттер аралык дипломатия алмашкыс ролго ээ экенин белгилеп, TÜRKPA уюмун кадыр-барктуу эл аралык платформа катары сыпаттады.
Президент ошондой эле өлкө ичинде жүрүп жаткан реформаларга токтолуп, конституциялык өзгөрүүлөр менен "Күчтүү президент — натыйжалуу парламент — эсеп берген өкмөт" системасына өткөндүктөрүн билдирди. Быйылтан тартып бардык райондордо акимдерин эл түз шайлай турганын кошумчалады.
Президент "Таза Казакстан" концепциясы менен айлана-чөйрөгө кам көрүү жана жаңы жашоо баалуулуктарын жайылтуу иштери жүрүп жатканын айтып, “Мыйзам жана тартип” принцибине негизделген Адилеттүү Казакстан багытына берилгендигин дагы бир жолу билдирди.