13.06.25
Быйыл машина куруу тармагында ички автоунаалардын чыгарылышы 149 миңге жетери күтүлүүдө. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 5% пайызга көпттүк кылат. Өткөн жылы 134 миң автоунаа чыгарылган. Бул тууралуу, “UKIMET” Telegram-каналы билдирди.
Өсүшкө бир нече долбоорлордун ишке ашырылышы себеп болду. Алардын ичинде Алматы шаарында “Astana Motors Manufacturing Kazakhstan” көп бренддүү заводунун курулушу бар. Аталган заводдо “Chery”, “Haval” жана “Changan” унаалары чогултулат. Долбоорго 202 миллиард теңге инвестиция салынган. Завод жылына 120 миң автоунаа чыгарып, 3,6 миңден ашуун жумуш ордун түзүшү пландалууда. Долбоордон күтүлгөн кошумча натыйжа автоунаа тетиктерин чыгарган ишканалардын өнүгүшү.
Мындан тышкары, Костанай шаарында жылына 70 миң автоунаа чыгарууга жөндөмдүү “KIA Kazakhstan” заводу курулууда. Ага 90 миллиард теңге инвестиция салынган, келечектеги кызматкерлердин саны 1,5 миң адамга жетмекчи. Бул завод аймакты автоунаа куруунун борбору катары чыңдайт.
Жанаша тармактарга келсек, Алматы индустриялык зонасында “Almaty Autoparts Production” ишканасы иштей баштады. Ал жылына 100 миң автоорундуктун комплектин чыгарат. Алар “Hyundai” моделдерине жөнөтүлүп, жаңы заводдордо да колдонулат.
Машина куруу, анын ичинде автоөнөр жайын колдоо боюнча мамлекеттик саясат инвестициялык кластерлерди түзүү аркылуу ишке ашырылууда. Экономиканын индустриялык базасын түзүп жаткан 17 ири долбоордун ичинен 9 долбоорду өнөр жай жана курулуш министрлиги көзөмөлдөйт.
Жалпысынан, автоөнөр жайдын туруктуу өнүгүүсү инвестициялардын тартылышы жана өндүрүштү жергиликтештирүү саясаты аркылуу камсыздалууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2023-жылы машина куруу тармагына негизги капиталга 115 миллиард теңге инвестиция тартылган. 2024-жылы бул көрсөткүч эки эседен ашык өсүп, 282 миллиард теңгеге жеткен. 2025-жылдын биринчи кварталында тартылган инвестициялардын көлөмү 55 миллиард теңгени түзгөн, 2024-жылдын ушул мезгилинде бул сумма 33 миллиард теңге болчу.
Жалпысынан, 2024–2028-жылдарга карата машина куруу тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстүү планга ылайык, республикалык бюджеттен 1,4 триллион теңге, ал эми бюджеттен тышкаркы булактардан 1,3 триллион теңге каржылоо каралган.
https://turanews.kz/tr/news/kazakistan-yerli-otomotiv-yillik-uretimini-149-bin-araca-cikariyor/