23.06.25
Казакстан Азербайжанга фармацевтика жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштап жатат. Бул тууралуу “Report” агенттиги Казакстандын Бакудагы элчилигинин басма сөз кызматына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, бул маселе Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров менен Казакстандын элчиси Алим Байелдин жолугушуусунда талкууланды.
Тараптар көрүшмө учурунда соода-экономика, инвестиция, транспорт-логистика, энергетика жана курулуш тармактарында эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты. Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү быйылкы жылдын январь–апрель айларында 20% пайызга өскөнү белгиленди.
Жолугушууда, Казакстан 2025-жылы Азербайжанга буудай жеткирүүдөгү негизги өлкө болуп, Азербайжанга импорттолгон дан продукциясынын 88% пайызын камсыздаганы айтылды. Микаил Жаббаров Казакстан менен экономикалык кызматташуунун өнүгүүсү, Азербайжан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Бул контекстте министр Транскаспий эл аралык транспорт багыты, Каспий деңизинин түбү аркылуу була-оптикалык байланыш линиясын тартуу, Казакстандын энергетикалык ресурстарын Азербайжан аркылуу транзиттөө, Каспий деңизинин түбү менен электр кабелин тартуу боюнча келишим сыяктуу ири биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусун жогору баалады.
Мындан тышкары, Казакстандын элчиси Казакстанда инфузиялык эритмелерди биргелешип өндүрүүнү жана “Ала-Көл” көлүнүн жээгинде Азербайжан тарапка курорттук-санаторий комплексин курууну сунуштады.
Тараптар, турак жай жана социалдык объекттерди куруу боюнча курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүн мындан ары кеңейтүү маселесин да талкуулашты. Казакстандын айрым компаниялары, Азербайжанда медициналык объекттерди жана турак жайларды курууга киришкени белгиленди. Бул багытта Казакстанда да кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгы белгилүү болду.