23.06.25

Алматы шаарынын акими Дархан Сатыбалды жана Түркиянын “Köksan Holding” компаниясынын башкы директору Мурат Көкооглу пластикти кайра иштетүү жана ПЭТ-преформа (полиэтилентерефталаттан жасалган бөтөлкө жана башка идиштер үчүн даярдоо) чыгаруу боюнча завод куруу маселесин талкуулашты. Акимияттын басма сөз кызматы маалымдагандай, ишкана Алматы шаарынын Алатау районунда 15 гектар жерди ээлейт. Түз чет элдик инвестициянын жалпы көлөмү 44 млрд теңге деп бааланууда.

Жаңы заводдо 138 жумуш орду түзүлүп, жылына 80 миң тонна ПЭТ-преформа жана 24 миң тонна кайра иштетилген пластик өндүрүү пландалууда. Дархан Сатыбалды белгилегендей, экологиялык жактан таза өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана калдыктар менен иштөөнүн системасын жаңылоо Алматы шаары үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Дархан Сатыбалды: “Бул долбоор биздин туруктуу өнүгүү стратегиябызга дал келет жана калдыктарды кайра иштетүү экосистемасынын маанилүү элементи болот,” – деп белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында инвестициялык долбоорду коштоп туруу боюнча тиешелүү акимият башкармалыктарына тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, “Köksan Pet Packaging Industry Co.” компаниясы 1968-жылы негизделген жана Түркия менен Европадагы ири таңгактоочу продукция чыгаруучу ишканалардын бири болуп саналат. Компаниянын продукциясы Coca-Cola, Pepsi, Danone, Nestlé сыяктуу белгилүү бренддерди камтыган жүздөн ашуун өлкөгө экспорттолот.

Буга чейин Алматы шаарындагы “Инновациялык технологиялар паркы” атайын экономикалык зонасында медициналык буюмдарды чыгаруучу завод ачылганы кабарланган болчу.

https://kapital.kz/business/138133/tureckij-koksan-holding-postroit-zavod-v-almaty-za-44-mlrd-tenge.html