21.07.25

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Кыргызстан ортосунда союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Акордо” расмий сайты кабарлады.

Аталган документ ишенимге, тең укуктуулукка, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү урматтоого, мамлекеттик чек араларды таанууга негизделген союздаштык мамилелерди өнүктүрүү багытын бекемдейт. Келишимде, Кыргызстан менен Казакстандын саясат, соода, транспорттук инфраструктура, суу-энергетикалык ресурстар жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарында кызматташууну чыңдоого умтулуусу тастыкталган.

Келишимдин шарттарына ылайык, тараптар коопсуздук жана укук коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү да тереңдетүүнү көздөшөт. Аларга терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге каршы күрөш, ошондой эле эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, киберкылмыштарга, адам, курал-жарак жана баңгизаттар менен мыйзамсыз соодага каршы аракеттер кирет.

https://economist.kg/vlast/2025/07/21/tokaiev-podpisal-zakon-o-rasshirienii-soiuznichieskikh-otnoshienii-s-kyrghyzstanom/