24.07.25

Түркиялык “Safi Holding” компаниясы Казакстанда кант заводу курууну пландап жатат. Бул тууралуу маалымат “Kapital.kz” кызматы билдирди.

Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров Түркиянын “Safi Holding” компаниясынын башкы аткаруучу директору Сафи Атакан менен жолугушуу өткөрдү.

Айыл чарба министрлиги тараткан маалыматта: “Түркиядагы ири өнөр жай “Safi Holding”  компаниясы, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 140 миң тонна кант чыгарган заманбап  заводу куруунун долбоорун ишке ашырууга кызыктар. Завод жылына 1 миллион тонна кант кызылчасын кайра иштете алат. Болжолдуу инвестициянын көлөмү 150–200 миллион долларды түзөт”, — деп билдирди.

Азыркы учурда инвесторлор заводду курууга  мүмкүн болгон аймактарды караштырып жатышат. Ылайыктуу жерди тандоодо негизги фактор, кант кызылчасын өстүрүүгө жетиштүү айдоо аянтынын болушу жана тиешелүү инфраструктура менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги долбоорду ишке ашырууга толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров: “Бул долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүлөт”, — деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде “Safi Holding” компаниясынын башкы аткаруучу директору Сафи Атакан, Казакстандын кант тармагын өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгон жогорку агроөнөр жай потенциалына ээ экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Казакстан “Al Khaleej Sugar” компаниясы менен биргеликте Алмата облусунда кант заводу куруу боюнча дагы бир инвестициялык долбоор даярдалууда. Аталган долбоордун инвестиция көлөмү болжол менен 493 миллион долларды түзүп, 800 ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

https://kapital.kz/economic/139118/tureckij-safi-holding-planiruet-postroit-saharnyj-zavod-v-kazahstane.html