24.07.25
Түркстан облусунда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгынын алкагында «Борбор Азия» өндүрүштүк кызматташтык борборунун курулушу башталды. Бул борбор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары үчүн негизги платформа болот. Объект Казакстандын Мактаарал районунда, «Атамекен» бажы бекетинин жанында жайгашкан.
Учурда курулуш аянтында автожол, темир жол, электр, суу, канализация жана байланыш линиялары сыяктуу инфраструктура иштери жүрүп жатат.
Долбоодо инновациялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу каралган. Жакында өткөн жумушчу жыйында аймактык жетекчилер жана подрядчиктер инженердик маселелерди талкуулашты.
Бул борборду түзүү тууралуу келишим 2023-жылдын ноябрында Ташкенде кол коюлган. Курулуш иштерин казакстандык «TCL gr.» компаниясы жүргүзүүдө. Борборду 2027-жылы ишке берүү пландалууда.
Долбоо эки өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү болуп эсептелет. Ал соода байланышты бекемдеп, жаңы жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартып, логистиканы жакшыртат.