01.09.25
Түркиялык инвесторлор Казакстанда суу үнөмдөөчү технологияларды өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатышат. Сөз тамчылатып жана жаан-чачын түрүндө сугаруучу системалар тууралуу болууда. Заводду Кызылордо облусунда куруу пландалууда. Азыр Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп билдирди Казакстандын Суу ресурстары министрлиги.
Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов Түркиялык компаниялар “Ardent Plastik” жана “Nigde Plastik” компанияларынын директорлор кеңешинин төрагасы Азми Берк Алтынташ менен жолугушту.
Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрилиги тараткан билдирүүдө: “Түркиялык бизнесмендер Кызылордо облусунда суу үнөмдөөчү технологияларды, тамчылатып жана жаан-чачын сугат системаларын чыгаруучу завод курууну көздөп жатышат. Министр менен түрк компанияларынын өкүлдөрү мүмкүн болгон долбоордун көлөмүн, мөөнөтүн жана ишке ашыруу тартибин талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.
Нуржан Нуржигитов: “Учурда мамлекет тамчылатып жана жаан-чачын системаларын сатып алууга жана орнотууга берилүүчү субсидияларды көбөйттү. Ошондой эле суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгон дыйкандар үчүн сугат суусуна берилүүчү субсидиялар да жогорулатылды. Ошондуктан мындай системаларды Казакстанда өндүрүү аларды жеткиликтүү үнөмдүү кылат жана натыйжалуу сугарууга өтүүнү тездетет”, – деп баса белгилеп өттү.
https://zorknews.kz/news/turetskie-investory-khotyat-zapustit-proizvodstvo-v-kazakhstane-.html