02.10.25

“Баку – Тбилиси – Жейхан” маршруту аркылуу транзит боюнча келишимге жетишилгенден бери 3,4 миллион тонна казакстандын мунайы ташылды. Бул тууралуу  “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору билдирди.

Астанада “КазМунайГаз” улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Асхат Хасенов Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR” мунай компаниясынын президенти Ровшан Наджаф менен жолугушту. Анда “Баку – Тбилиси – Жейхан” багыты боюнча мунай ташуунун учурдагы абалы жана пландары талкууланды. Белгиленгендей, транзит боюнча келишимге кол коюлган учурдан тартып, 3,4 миллион тонна казакстандын мунайы ташылган.

Тараптар “КазМунайГаз”, “SOCAR”, “Татнефть” жана “Узбекнефтегаз” компанияларынын ортосундагы санариптик технологиялар жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы төрт тараптуу меморандумдардын ишке ашырылышы тууралуу пикир алышты. Тактап айтканда, аталган компаниялардын адистери өндүрүштө заманбап санариптик ыкмаларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашып турушат.

Асхат Хасенов: “КазМунайГаз компаниясы Казакстан менен Азербайжандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле казакстандык мунайдын эл аралык базарларга экспортун көбөйтүүгө багытталган жана “SOCAR” менен стратегиялык кызматташууну чыңдоодо. Кол коюлган келишимдердин алкагында биз санариптештирүү жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча биргелешкен ишти улантып келебиз. Ошондой эле геологиялык чалгындоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Каспий деңизинин абалын жакшыртуу боюнча азербайжандык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, — деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, 2024-жылы “КазМунайГаз” улуттук компаниясы жана “SOCAR” компаниясы Азербайжандын аймагы аркылуу мунай транзитин этап-этабы менен көбөйтүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

https://kapital.kz/economic/141137/po-marshrutu-baku-tbilisi-dzhejhan-transportirovano-34-mln-tonn-kazahstanskoj-nefti.html