07.10.25
Казакстандын президенти Садыр Жапаровго Түрк мамлекеттер уюмундагы(ТМУ) төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Түрк мамлекеттери биргелешип аракет кылууга тийиш. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XII саммитиндеги сөзүндө билдирди.
Ошондой эле Касым-Жоомарт Токаев өзүнүн кесиптеши, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге меймандостугу жана жолугушуунун маанилүү күн тартибин түзгөнү үчүн ыраазычылык билдирип келип: “Түрктөрдүн тарыхы жалпы тамырдан башталат. Элдерибиздин теги бир. Булардын баары элдерибиздин бир туугандыгынын жана кылымдар бою бекем биримдигинин алтын тиреги болуп саналат. Жакында түрк мамлекеттери кызматташтык күнүн белгилешти. Бул маанилүү майрам түрк элдеринин биримдигин чыңдоонун символу болуп саналат. Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) достук мамиледеги түрк элдерин бириктирген таасирдүү жана кадыр-барктуу түзүмгө айланды”, — деп белгилеп өттү.
Ошондой эле Казакстандын лидери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Түрк мамлекеттер уюмундагы (ТМУ) ийгиликтүү төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
https://vesti.kg/politika/item/144241-tokaev-tyurkskim-stranam-neobkhodimo-dejstvovat-vmeste.html