08.10.25
2025-жылдын январь–август айларынын аралыгында, Казакстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 3 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,5% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция боюнча вице-министри Айдар Абылдабеков менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаевдин жолугушуусунда маалым болду. Бул тууралуу «Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди.
Көрсөтүлгөн 8 айдын ичинде, Казакстандын экспорту 2,2 миллиард долларды түзүп, 26,7% пайызга өскөн, ал эми оң сальдо 1,4 миллиард долларга жеткен. Позитивдүү көрсөткүч катары жогорку кошумча наркы бар казакстандык продукциялар металлургия, мунай химиясы, машина куруу жана агроөнөр жай тармактарындагы экспорттун кеңейиши белгиленди. Өзбекстанга 550 миллион доллардан ашык суммадагы 40 түрдүү товарлардын тизмеси сунушталган.
Эки мамлкет инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушууда. Учурда жалпы суммасы 4,4 миллиард долларга бааланган 34 долбоор жана 2,6 миллиард долларга бааланган жети соода келишими даярдалууда. Мындан тышкары Жол картасын жаңылоо, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Казакстан даярдык деңгээли эң жогору болгон долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоону сунуштоодо.
Эки өлкө соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо максатында, Казакстандын Мактаарал районунда “Борбордук Азия” өнөр жай кызматташтыгынын эл аралык борборун түзүү иштери жүрүп жатат. Ал TURAN экономикалык аймагынын курамына кирет.