15.10.25
Шанхай шаарында өткөн азык-түлүк өнөр жайы боюнча кызматташтык конференциясында, Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана Түркиянын Айыл чарба министри Ибрахим Юмаклы эки өлкө ортосундагы агрардык тармагынын жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борборунун кабарчысы министрликтин басма сөз кызматына таянып билдирди.
Айдарбек Сапаров: “Эки мамлекеттин жетекчилери Казакстан жана Түркиянын кызматташтыгын, айрыкча айыл чарба тармагындагы өнөктөштүгүн тереңдетүүнүн стратегиялык маанисин бир нече жолу белгилешкен. Өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча алардын макулдашуусу биздин ишибиз үчүн маанилүү багыт болуп саналат. 2025-жылдын алгачкы сегиз айында, айыл чарба продукциясынын соода жүгүртүүсү 2,9% пайызга өсүп, 186,7 миллион долларга жетти. Азыркы учурда, Казакстан Түркияга негизинен буурчак, пахта буласы, кебек жана зыгыр уругун экспорттойт. Биз эми биргеликте ассортиментти кеңейтүү жана көлөмдү көбөйтүү үстүнөн иштөөгө даярбыз”, — деп белгилеп өттү.
Көрүшмөдө өзгөчө көңүл, Казакстандын уй эти үчүн Түркиянын рыногун ачуу маселесине бурулду. Көп жылдык чектөөлөр тоскоолдуктар (малдын ар кандай жугуштуу орууларынын негизинде салынган чектөөлөр) алынгандан кийин, Түркиянын сүт өндүргөн компаниялары, Казакстандын рыногуна ийгиликтүү кирүүдө. Ал эми Казакстанда өндүрүлгөн уй эти, Түркияда чоң суроо-талапка ээ болууда. Азыркы учурда, Казакстандык ишканалар жылына 10 миң тоннага жакын уй этин экспорттого даяр.
Мындан тышкары, Казакстан жогорку сапаттагы катуу “дурум” жана “hi-pro” сортундагы буудайдын эксклюзивдүү жеткирүүчүсү болууга да даяр. Логистиканы жеңилдетүү максатында, Баку терминалынын базасында “дан хабын” түзүү сунушталды.
“Продкорпорация” компаниясы Түркиялык өнөктөштөр менен биргеликте, Казакстанда буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүүнү пландап жатат. Форварддык каржылоо программасынын алкагында, дыйкандарга жогорку сапаттагы үрөндөр жана заманбап технологиялар берилет, даяр продукция болсо Түркияга экспорттолот.
Өз кезегинде, Түркиянын Айыл чарба министри Ибрахим Юмаклы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирип өттү. Жолугушууда ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык жол-жоболорду тездетүү зарылдыгы белгиленди. Бул жаңы экспорттук багыттарды, анын ичинде Казакстандын уй этин жана башка айыл чарба продукцияларын, Түркияга жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет.


