14.10.25

Казакстан жана Азербайжан “жашыл энергетика”, атомдук энергия жана санарип технологиялар тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Бакуда өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 21-жыйынында биргелешкен комиссиянын тең төрагасы Нурлан Сауранбаев билдирди. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги маалымдады.

Министр “жашыл энергияны” ташуу маселесинде регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп келип: “Өзгөчө мааниге 2024-жылдын ноябрында Бакуда Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери кол койгон жашыл энергетика боюнча үч тараптуу келишим ээ. Биз ошондой эле атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында кызматташууга даярбыз”, — деп билдирип өттү.

Анын айтымында, заманбап экономика санарип технологиялар менен тыгыз байланышта жана Казакстан Азербайжан менен биргелешкен IT-долбоорлорду өнүктүрүүгө даяр.

Нурлан Сауранбаев: “Биз бир тууган Азербайжан менен жасалма интеллект боюнча изилдөө борборлорун түзүү үстүнөн иштөөгө даярбыз. Бул жөн гана технология алмашуу эмес, ишенимдүү санарип чөйрөсүн калыптандыруу да болуп саналат”, — деп белгилеп өттү.

Нурлан Сауранбаев ошондой эле Азербайжандын климаттык дипломатиядагы лидерлигин жогору баалап, Бакуда өткөн COP29 конференциясынын маанисин белгилеп келип: “Биз адам өнүгүүсү жана климаттык туруктуулук боюнча эл аралык принциптерди колдойбуз жана Каспий деңизинин бассейнде жашыл энергетика боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даярбыз”, — деп билдирди.

Казакстандын транспорт министри өз сөзүндө, Орто коридордун стратегиялык маанисин да өзгөчө белгилеп: “Транспорт коридорун мындан ары өнүктүрүү жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Өкмөттөр аралык документке кол коюу маанилүү кадам болот. Бул контекстте Зангезур коридорунун долбоору өзгөчө мааниге ээ. Казакстан бул демилгени колдойт жана аны туруктуу жана бирдиктүү транспорттук архитектураны түзүүнүн маанилүү элементи катары карайт”, — деп белгиледи министр.

https://vesti.az/ekonomika/eto-ne-prosto-energetika-eto-doverie-kazaxstan-predlagaet-azerbaidzanu-cifrovoe-partnyorstvo-561280