21.10.25

Казакстан жана Азербайжандын ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйыны, Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында болуп өттү. Күн тартибине транспорт, логистика, санариптештирүү, отун-энергетика комплекси, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Бул тууралуу , “Акордо” басма сөз кызматы билдирди.

Касым-Жомарт Токаев: “Бул кеңеш эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат. Азербайжан Казакстан үчүн өзгөчө өлкө, боордош мамлекет. Бизди жалпы тарыхый тамырлар, бай руханий жана маданий мурас, окшош менталитет жана дүйнө тааным бириктирет. Ушул бекем негизде биз көп тараптуу кызматташуубузду ийгиликтүү өнүктүрүп жатабыз. Ильхам Гейдар оглу, мен сиздин мамлекеттик сапарыңызга өзгөчө маани берем. Сиздин сапарыңыз биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык жөнүндө келишимдин 20 жылдыгына туура келип жатканы символикалык мааниге ээ. Бул жылдар аралыгында биз активдүү саясий диалог орноттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган укуктук базаны түздүк. Мындай комплекстүү жана туруктуу иштерди эки мамлекеттин жарандары толугу менен колдоп келет”, — деп белгилеп өттү.

Ал белгилегендей, бүгүнкү жогорку деңгээлдеги Казакстан-Азербайжан мамилелерине, эң оболу, президент Ильхам Алиевдин жеке чоң салымы бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер Казакстан жана Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер боюнча келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Азербайжан президентинин Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект, өнөр жай коопсуздугу, саламаттык сактоо жана статистика, маданий-гуманитардык байланыштар жаатында кызматташуу боюнча 15 документке кол коюлду.

https://kapital.kz/economic/141673/kasym-zhomart-tokaev-provel-peregovory-s-ilhamom-alievym.html