22.10.25

Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” Казакстандагы “Дунга” мунай-газ долбоорунун катышуучусу болушу мүмкүн. Азыркы тапта коммерциялык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Казакстандын Энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирди.

Ерлан Аккенженов: “Бул маселе (“SOCAR” компаниясынын “Дунга” долбооруна кошулуусу) улуттук “КазМунайГаз” компаниясы менен талкууланууда”, — деп билдирди “Интерфакс-Казакстан” агенттигине шаршемби күнү берген маегинде.

“Дунга” мунай-газ кени, Казакстандын Мангистау облусуна караштуу Түпкараган районунда жайгашкан. Мунай жана газ кени 1966-жылы ачылган. 2007-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин “Дунга” кени толук масштабдагы иштетүү стадиясында турат. Геологиялык запасы 106 миллион тонна мунай жана 6 миллиард куб метрден ашуун газды түзөт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы “КазМунайГаз” компаниясы “Дунга” кенинин 60% пайыздык үлүшүнө ээлик кылат.

2022-жылы “КазМунайГаз” жана Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” Казакстандын мунайын Азербайжан аркылуу транзиттик өткөрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ал эми 2024-жылы эки компания, Казакстандын мунайынын көлөмүн Азербайжандын аймагы аркылуу этап-этабы менен көбөйтүү жөнүндө макулдашууга жетишкен. Быйыл октябрь айынын башында маалымдалгандай, аталган транзиттик багыт боюнча келишим түзүлгөндөн бери паритеттик негизде болжол менен 3,4 миллион тонна Казакстандын мунайы ташылган.

https://kapital.kz/economic/141723/azerbajdzhanskaya-socar-mozhet-zajti-v-neftegazovyj-proekt-dunga-v-kazahstane.html