24.10.25
Казакстан менен Өзбекстандын ишкерлери Ташкент шаарында өткөн соода-экономикалык миссия учурунда 73,5 миллион долларга бааланган экспорттук келишимдерге кол коюшту. Бул иш-чараны, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги жана “QazTrade” компаниясы тарабынан уюштурганын “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди.
“QazTrade” компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Бул жөн гана делегация же расмий сөздөр эмес. Бул казакстандык продукцияны сатып алууга даяр болгон кардарлар менен жүргүзүлгөн реалдуу сүйлөшүүлөр. Бүгүнкү күндө эле 73,5 миллион долларга бааланган экспорттук келишимдерге кол коюлду. Биз Өзбекстан тараптан күн карама майына, этке жана кантка туруктуу суроо-талап бар экенин көрүп жатабыз”, — деп билдирди.
Соода экономикалык миссияга курулуш материалдары, тамак-аш жана жеңил өнөр жайы, машина куруу, химиялык тармактын жана кайра иштетүүчү тармагында ийгиликтүү болгон Казакстандын компаниялар катышты.
Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Айдар Абилдабеков: “Биздин Ташкент шаарына өткөргөн соода экономикалык миссиябыз бул компаниялар үчүн продукциясын көрсөтүп гана тим болбостон, кошуна өлкөнүн рыногуна дароо кирүү, жеткирүү боюнча макулдашууга келүү жана экспортту баштоо мүмкүнчүлүгү. Биз катышуучуларды жолугушууларды уюштуруудан баштап котормо жана логистика маселелерине чейин бардык этаптарда коштоп турабыз”, — деп белгилеп өттү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Өзбекстанда учурда 876 казакстандык ишкана иш алып барат. Алар 270 аталыштагы товар боюнча болжол менен 500 миллион долларлык соода жүгүртүүнү камсыздап келет. 2025-жылдын сегиз айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 18,5% пайызга өсүп, 3 миллиард долларга жеткен. Ал эми казакстандык экспорт 26,7%пайыздан ашык көбөйүп, 2,2 миллиард долларды түзгөн.


