28.10.2025

Евразиялык транспорттук каркасты өнүктүрүүгө салынган инвестициялардын көлөмү боюнча Казакстан Евразия регионундагы 13 мамлекеттин ичинен 2-орунду (жалпы инвестициялардын 10% пайызы) жана Борбор Азия боюнча 1-орунду (44% пайызы) ээлейт. Бул маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) “Евразиялык транспорттук каркас: долбоорлор обсерваториясы жана интерактивдүү карта” аттуу баяндамасында жарыяланган. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 42 долбоор пландалган. Алардын ичинен кеминде төртөө трансчегаралык мүнөзгө ээ. Аларга:

  • “Аягөз – Бахты” темир жолу жана Казакстан менен Кытайдын ортосундагы үчүнчү чек ара өтмөгүнүн курулушу;
  • “Алматы – Ысык-Көл” (Кыргызстан) акы төлөнүүчү автоунаа жолунун курулушу;
  • “Жаңаөзен – Кендирли – Түркмөнстан” чек арасы автоунаа жолунун курулушу (“Түндүк – Түштүк” долбоорунун бир бөлүгү);
  • “Дарбаза – Мактаарал” темир жолунун жана Өзбекстан менен жаңы чек ара өтмөгүнүн курулушу.

Казакстан автожол секторун өнүктүрүүгө 16,7 миллиард доллар (71,7%) инвестиция салууну пландоодо. Темир жол тармагына – 4,2 миллиард доллар (18%), ал эми Каспийдеги деңиз портторун жана флотту өнүктүрүүгө 1,5 миллиард доллар (6,4%) жумшалат. Бул каражаттардын ичинде, эл аралык соода порту “Курык” да бар. Ал Транскаспий эл аралык транспорттук багытынын негизги мультимодалдык түйүнү болуп эсептелет. Логистикалык борборлорду, чек ара өткөрмөлөрүн жана аэропорттордогу жүк терминалдарын өнүктүрүү долбоорлорунун жалпы наркы 0,9 миллиард доллар (3,9%) деп бааланууда.

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) башкы экономисти Евгений Винокуров белгилегендей, Казакстан океан портторунан эң алыс жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Ошол эле учурда өлкөнүн тышкы соодасы жана транзиттик агымдарды тейлөөдөгү ролу динамикалуу өсүп жатат. Бул көрүнүш транспорттук системаны өнүктүрүү стратегиясынын ийгиликтүүлүгүнүн жана ири көлөмдөгү инвестициялардын натыйжасы болуп саналат.

https://kapital.kz/economic/141850/kazahstan-vlozhit-bolee-dollar23-mlrd-v-razvitie-transportnyh-koridorov-do-2035-goda.html