15.11.25

Казакстан жана Өзбекстан президенттери биргелешкен долбоорлордун ишке киргизүү аземине катышышты. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору билдирди. Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев видео-конференция режими аркылуу эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлорун ишке киргизүү аземине катышышты.

Ишке киргизүүгө жалпы суммасы 1,2 миллиард долларга бааланган жети долбоор даярдалган. Алар өнөржай, курулуш, мунай-газ химиясы, финансы, логистика жана туризм тармактарын камтыйт.

Аларга:

  • Сырдарыя жана Түркстан облустарында жайгашкан “Борбордук Азия” Эл аралык өнөржай кооперация борбору.
  • Ташкент шаарында “Tenge Bank” банкынын башкы кеңсеси.
  • Ташкент облусундагы көп тармактуу логистикалык борбордун курулушунун башталышы.
  • Жаңы Ташкенттеги “Астана” аттуу турак жай кварталынын курулушу.
  • Кашкадарыя облусундагы алкилбензол өндүрүүчү мунай-газ химия комплекси.
  • Жаңы Ташкентте жайгашкан “Астана” мейманканасы.
  • Казакстандын борборундагы “Ташкент” мейманканасы жана башка бир катар объектилердин ишке киришин жарыялашты.

Эскерте кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев буга чейин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген. 15-ноябрда Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан лидери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алар эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттик кеңешинин экинчи жыйынына да катышып, анда Казакстан президенти сейрек кездешүүчү баалуу металдарды иштетүү багытында, Өзбекстан менен кызматташууну перспективдүү деп эсептерин билдирди.

https://kapital.kz/economic/142418/sem-sovmestnyh-proektov-na-dollar12-mlrd-zapustili-kazahstan-i-uzbekistan.html