18.11.25
Түркиянын “Iskefe Holding” компаниясы, Казакстанда азык-түлүктүк желатин өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелерин Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров Түркиялык “Iskefe Holding” компаниянын башкармалыгынын төрагасы Билял Алкоч менен талкуулады. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жылдык кубаттуулугу 7000 тонна болгон жогорку технологиялуу ишкананын курулушун “Iskefe Holding” компаниясы 2026-жылы баштоону көздөөдө. Долбоордун баасы 22,5 миллиард теңгени түзөт.
Министрдин айтымында, бул долбоор кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болуп, терини кайра иштетүүгө тереңирээк тартууга өбөлгө түзөт. Министрлик долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Айдарбек Сапаров кошумчалагандай, терини жана жүндү кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн мамлекет бир катар кеңири колдоо чараларын сунуштайт. Аларга инвестициялык субсидиялар, жүн кыркуу пункттарын, мобилдик комплекстерди жана жабдууларды субсидиялоо, фермерлерге жүндү кайра иштетүүгө тапшыруу үчүн төлөнүүчү субсидиялар, салыктык жеңилдиктер жана башка чаралар кирет.
Өз кезегинде “Iskefe Holding” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоордун ишке ашырылышы, Казакстандагы кайра иштетүү тармагынын өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү оң таасирин тийгизип, кошумча жумуш орундарын түзөрүн жана жогорку кошумча наркы бар экспорттук продукциянын көлөмүн кеңейтерин билдиришти.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, учурда өлкө 1,1 миллиард долларлык 14 биргелешкен долбоор боюнча иш жүргүзүп жатат, анын ичинен 7 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган.
Эскерте кетсек, Түркиянын “S Sistem Lojistik” компаниясы Казакстанда кампа терминалдардын тармагын курууну пландап жатат. Ошондой эле Түркиянын “Tiryaki Agro” холдинги жана Астанада агроөнөржай комплексин ишке киргизүүнү көздөшүүдө. Бул өлкөдө дан жана буурчак өсүмдүктөрүн толук цикл менен терең иштетүүгө багытталган алгачкы ишкана болуп калмакчы.


