19.11.25

17-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министри Ержан Көшербаев “Түрк инвестициялык” фондунун (ТИФ) президенти Багдат Амреев менен жолугуп, фонддун алкагындагы кызматташуунун жүрүшүн жана 7-октябрда Габалада өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 12-саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты.

Көрүшмөдө министр Ержан Көшербаев фондду күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушарын белгилеп, “Түрк инвестициялык” фондунун (ТИФ) түрк жана ислам дүйнөсүндөгү экономикалык кызматташуунун негизги таяныч институттарынын бири болушу керек экенин баса белгиледи.

Ал эми Багдат Амреев фонддун институционалдашуусу боюнча жүрүп жаткан иштер жана даярдалган долбоорлор портфели тууралуу маалымат берди. Тараптар ошондой эле регионалдык экономикалык күн тартибине байланыштуу пикир алмашып, фонддун эл аралык уюмдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Ошондой эле  Ислам кызматташтык уюмунун түзүмдөрү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Исламдык азык-түлүк коопсуздугу уюму менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү да талданды.

“Түрк инвестициялык” фонду 2022-жылдын 11-ноябрында өткөн 9-Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) саммитинде түзүлгөн. Фонддун мүчөлөрү Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттери болуп эсептелет. Фонддун максаты,  мүчө өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнү колдоо, регионалдык сооданы кеңейтүү жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

https://turanews.kz/tr/news/kazakistan-disisleri-bakanligi-turk-yatirim-fonu-ile-isbirligini-genisletme-konusunu-ele-aldi/